Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:27

Феликс Куловдун бошотуу талабы менен Ошто ачкачылык жарыялаган жарандардын 15-октябрда кармалышы бизди абдан кыжырдантты-деп билдирди 16-октябрда өткөрүлгөн пресс-конференцияда Куловду коргоо боюнча республикалык комитеттин төрагасы Турсунбек Акун.


Анын айтымында, бийлик муну менен Куловдун саясий негизде камакка алынгандыгын далилдеп жатат. Анткени, бийлик Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткандарды коргоочулар Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жана башка жер-жерлерде митинг,пикеттерди өткөрүп жатса эч кандай каршылык кылышкан жери жок. Ал эми Куловду жактоочуларды дароо кармоодо» -деди Турсунбек Акун. Ушул эле пресс-конференцияда Клара Ажыбекова 16-октябрда ага ачкачылыкты токтотуу талабы менен туугандары жана балдары келгендигин, буга бийликтин кыстоосу түрткү бергендигин билдирди. 16-октябрда Феликс Куловду бошотуу талабы менен ачкачылык жарыялаган адамдардын саны 32 болду. Мурдагыдай эле алардын сегизи Бишкекте, бешөө Базар-Коргон районунда, бешөө Жалал-Абадда, ону Аламүдүн районунун Байтик айылында жана төртөө Ош шаарында турушат.

XS
SM
MD
LG