Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:28

Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан Кыргызстанга 20-октябрда кечинде келет.


Мындай маалымат 16-октябрда БУУнун өнүгүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн алынды. Ал маалыматка караганда, Кофи Аннан ушул эле күнү президент Аскар Акаев жана Жогорку Кеңештин эки палатасынын төрагалары менен жолугушат. 21-октябрда БУУнун Бишкектеги үйүн ачып, аны ачуу салтанатына катышат. Кофи Аннан Кыргызстанга Борбор Азиядагы расмий визитинин чегинде Өзбекстандан келип, Таджикстанга сапар алат.

 

XS
SM
MD
LG