Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Орусия Данияга Ахмед Закаев боюнча кошумча документтерди берди.


Орусиянын баш прокурору Владмир Устинов бүгүн Москвада Даниянын юстиция министри Лене Эсперсенге чечен козголоңчуларынын лидерлеринин бири Ахмед Закаев боюнча кошумча материалдарды тапшырды.
Орусия тараптын пикиринде, жаңы документер Закаев бей расмий куралдуу топторду түзүүгө катышканын жана бир катар кылмыштарды жасаганын далилдейт. Данияга чечен лидери Аслан Масхадовдун өкүлү катары келген Ахмед Закаев Орусиянын өтүнүчү боюнча өткөн аптада камака алынган. Орусия Закаевди өткөрүп алууну көздөөдө. Дания тарап Орусиядан ага негиз болуучу далилдерди сураган. Орусия баш прокуратурасынын маалыматына караганда, бүгүн жакында Москвада орун алган барымтага жардам бергени үчүн шектелген кавказ улутундагы бир адам камакка алынды. Ошондой эле Орусия бүгүн Грузиядан чечен козголоңчуларынын дагы бир лидери, Руслан Гелаевди өткөрүп берүнү талап кылды. Бул жөнүндө эки өлкөнүн Коопсуздук кеңештеринин катчылары: Владмир Рушайло менен Тедо Жапаридзенин Москвадагы жолугушуусунда айтылды.

XS
SM
MD
LG