Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Швеция орусиялык эки дипломатты өлкөдөн чыгарды.


Швеция орусиялык эки дипломатты өлкөдөн чыгарып жиберди. Швед тышкы иштер министрлиги билдиргендей, дипломаттар Орусия элчилигинин кызматкерлери. Швед бийликтери өлкөдөн чыгарылган орус дипломаттары жергиликтүү "Ericsson " компаниясына байланышкан чатакка катышы бар деп эсептейт. Өткөн аптада жергиликтүү полиция жашыруун маалыматтарды чет элдик белгисиз чалгын кызматына берди деген шек менен аталган компаниянын мурдагы үч кызматкерин камакка алган. Окуя байланыштуу жасаган билдирүүсүндө Орусия тышкы иштер министрлиги алар да швед бийликтеринин бул кадамына жараша жооп берүү укугуна ээ экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG