Түркмөн президенти Сапармурад Ниязов - айыл чарбага жоопту вице-премьер-министр Реджеп Сапаров жана айыл чарба министри Рустам Артыковду кызматтан алды. Мамлекеттик план боюнча, быйыл Түркмөнстанда эки миллион тонна пахта жыйналууга тийиш болчу, бирок жазгы жаан-чачындын айынан, белгиленген пландан төрт эсе аз - 500 миң гана тонна пахта чогултулган. Түркмөнбашы кызматтан алынгандарды: жоопкерчиликсиз жана ишти билбеген жетекчилер, - деп мүнөздөдү.