Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

ТҮРКИЯНЫН ЖАҢЫ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ ДАЙЫНДАЛДЫ.


Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезер бүгүн Абдулла Гүлдү өлкөнүн премьер-министри кылып дайындап, ага - жаңы өкмөт түзүүнү тапшырды. Гүл - экономист жана жакында парламенттик шайлоодо жеңип чыккан "Акыйкат жана өнүгүү" аттуу диний партиянын өкүлү. Шайлоодо бул партия - парламенттеги орундардын басымдуу көпчүлүгүн утуп алган жана Түркиянын акыркы 15 жылдык тарыхында биринчи жолу бир партия жалгыз өзү өкмөт түзүүгө мүмкүнчүлүк алды. Партиянын төрагасы Режеп Тайип Эрдоган 90-жылдарда диний экстремизм үчүн соттолгон, ошондуктан өкмөттү жетектей албайт.

XS
SM
MD
LG