Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Москвада бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болуп өттү.


Жыйында быйыл июнда Санкт-Петербургда кабыл алынган чечимдерди жүзөгө ашыруунун жолдору талкууланды. Министрлер ошондой эле уюмга кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кезектеги жыйынын өткөрүүгө байланышкан маселелерди макулдашышты. Мындан тышкары Ирак проблемасы,терроризмге каршы күрөштүн маселелери каралды.Жыйындан соң министрлер ырасташкандай, уюмдун бардык мүчөлөрү маң заттарынын аткезчилигине каршы биргелешип күрөшүүнү чечишти. Шанхай кызматташтык уюмуна алты өлкө - Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирет.

XS
SM
MD
LG