Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Израилдин Газа секторундагы жаңы чабуулу.


Израилдин тик учмалары аткан ракетадан бүгүн Газа секторунда төрт палестин жаракат алды. Бул тууралуу палестин тарап билдирди. Израилдин расмий өкүлдөрү окуя боюнча азырынча түшүндүрмө бере элек. Кабарларга караганда, Израил тик учмалары үч палестин бар делген автоунааны аткан. Бирок, автоунаадагылардын бирөөсү жана көчөдөгүлөрдүн үчөөсү жаракат алган.Өткөн түнү жөөт аскерлери танктардын коштосунда Газа секторундагы Бейт Лахия деген кыштакка кирип барып, палестиндердин "Хамас" уюмунун жергиликтүү үч активистинин үй-жайын талкалаган. Бул жерде эки палестин мерт болуп, бир нечеси жаракат алды.

XS
SM
MD
LG