Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

БИШКЕКТЕ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АДАМ УКУГУНУН АБАЛЫН ТАЛКУУЛАГАН ЖЫЙЫН ӨТӨТ.


Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» аттуу коалициясы адам укуктарынын эл аралык күнү болгон 10-декабрда өлкөдөгү адам укуктарынын абалына арналган «Тегерек стол» жыйынынын өткөрөт. Коалициядан алынган маалыматка караганда, анда «Бишкекте митинг, жүрүштөрдү жана жыйындарды өткөрүүгө эмне себептен уруксаат берилбей жатат?» деген маселе күн тартибине коюлуп, ага жооп алуу үчүн «Тегерек стол» жыйынына мамлекеттик тартип коргоо органдарынын жетекчилери, бейөкмөт жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү чакырылат. Жыйында «Кыргызстан адам укугун урматтаг өлкө» деген ураан менен катар эле «Бишкек жабык борбор», «Митинг жалаң гана өздөрү үчүн», «Түштүктүк болуш коркунучтуу» деген ураандардын эмне себептен чыгып жаткандыгы талкууланып, мындай ойлорду болтурбоо жолдорун биргелешип табуу аракети көрүлөт.

XS
SM
MD
LG