ОШ. Сессияда депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы Кудайберди Азимов Ош шаарынын көптөгөн тургундары, коомдук уюмдар Ош шаарында да Бишкектегидей митинг, пикет, жүрүш өткөрүүгө уруксат берүүнү убактылуу токтотууну өтүнгөнүн кабарлап, бул боюнча 3 айлык мораторий кабыл алууну сунуштады. Кыска убакыттагы талкуудан кийин депутаттар ачык добуш берүү жолу менен Ош шаарында митинг, пикет, жүрүш өткөрүүнү убактылуу токтотуу боюнча мораторийди кабыл алышты.
Кожогелди Култегин