Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Орусия Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн узартты


БИШКЕК. Кыргызстан Орусияга 171 миллион долларлык карызынын 58 миллион долларын төлөө мөөнөтүн беш жылга узартты. Бул тууралуу тышкы иштер министри Аскар Айтматов билдирди. Анын айтымында, буга Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы визити учурунда кол коюлган макулдашуу негиз берет жана ал макулдашууга ылайык Кыргызстан карызды 2004-жылдан кийин 20 жыл ичинде төлөп берсе болот. Орусия президенти В. Путиндин визити эки өлкөнүн кызматташуусун дагы бир жаңы баскычка көтөрдү деп баа берген Аскар Айтматов Орусия өкмөтү менен бул өлкөдө иштеп, жашаган 300-350 миң Кыргызстандык жаранга «эмгек мигранты» деген статус берүү маселеси талкууланып жаткандыгын, президент В. Путин бул маселени Кыргызстанга ыңгайлуу чечүүгө аракет кылаарын жана бул тармак боюнча жаңы келишим 2003-жылдын жазында түзүлөөрүн кабарлады.

XS
SM
MD
LG