Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин Кант аэродромуна жайгашкан аба күчтөрү «Манастагы» антитеррордук коалициянын күчтөрүнө тоскоол болбойт


БИШКЕК. Кыргызстандын Кант аба майданында Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин тез аракеттенүүчү аба күчтөрүнүн жайгаштырылышы Кыргызстан гана эмес, Борбордук Азия чөлкөмүндө коопсуздук менен туруктуулукту камсыз кылат, деп билдирди 9-декабрда өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев. Анын маалыматына караганда, Кантта Орусиянын аба күчтөрү узак мөөнөткө жайгаштырылат жана Антитеррористтик коалициянын «Манас» аба майданындагы күчтөрүнө тоскоолдук кылбайт. Анткени, «Манастагы» күчтөр Афганистанда тынчтыкты калыбына келтирүү иштерин жүргүзгөндүктөн, багыты башка. Ал эми Кант аба майданын Кыргызстан менен Орусия Коллективдүү коопсуздук келишиминин алкагында биргелешип пайдалануу маселесин бул эки өлкө Коллективдүү коопсуздук келишимине кирген мамлекеттердин кезектеги жыйынына сунуштайт.

XS
SM
MD
LG