Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

ЭДИЛ БАЙСАЛОВ БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР КОАЛИЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ БОЙДОН КАЛДЫ


14-декабрда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын «Демократия жана жарандык коом үчүн» аттуу коалициясынын отчеттук-кайра шайлоо Башкы Ассамблеясы башталды.

Өз тутумуна Кыргызстандагы 180 бейөкмөт уюмду камтыган Коалиция отчеттук кайра шайлоо Башкы Ассамблеясынын күн тартибине коалициянын өткөн эки жылда жүргүзгөн иштери тууралуу отчет угуу, директорлор кеңешинин регионалдык жана республикалык деңгээлдеги тутумун шайлоо, коалициянын жаңы президентин шайлоо жана уюмдун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин койду. Коалиция президентинин милдетин аткаруучу Эдил Байсалов берген отчетко караганда, ал 2001-2002-жылдар ичинде Кыргызстанда жарандык коомду түзүү максатына жетүү үчүн бир топ иштерди жүргүзүп, өз деңгээлин жогорулатты жана иш масштабын кеңейтти. Ал иштер төрт багытта: лидер, адвокат, агартуучу жана көзөмөлдөөчү деген милдетти аткаруу аркылуу жүргүзүлдү. Аны коалиция мүчөлөрүнүн ЕКУУ баштаган бир катар эл аралык уюмдардын жыйындарына, Аксы окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын, Конституциялык Кеңешменин ишине катышып, жер-жерлерде семинарларды жүргүзүүсү айгинелейт. Муну Ассамблеянын жер-жерлерден келген 125 делегаты жарандык коомду түзүүдө, жарандардын өз укук-милдеттерин билип, укуктук аң-сезимдеринин өсүшүнө Коалиция жүргүзүп жаткан иштер зор түрткү болгондугун белгилешти. Алардын бири, Аксы районундагы «Алтын балалык» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Атамбаева Нурия ал тууралуу «биз Коалициядан билим алабыз. Билим алып туруп, биздин тоодо жашаган, бул жакка таптакыр келе албаган аялдарга түшүндүрүп, укукту, бияктан уккан-билгендерибизди тоонун башындагы аялдарга барып айтып жатабыз. Биз бул жерден алган билимибизди аларга жайылтсак жакшы турмушка эртерээк жетебиз деп ойлойм», деп билдирди.

Коалиция жыйынында Кыргызстандын булуң-бурчтарында жашаган эл мамлекеттик ири маалыматтардан кур жалак калып жаткандыгы баса белгиленип, уюм ушул багытта ишти жандандыруу керектиги сунушталды. Ал тууралуу Баткен областындагы «Лейлек аялзаты» уюмунун башчысы Назим Жалилова «мен идеологиялык диверсия деген мурдагы, эски бир фразаны айтууга мажбур болуп атам. Идеологиялык диверсия гана эмес ,биз азыр коңшулаш мамлекеттердин маалымат диверсиясынын алдында калдык десем мен аша чаппайм. Биз Баткендин райондук борборунан 200 километр алыс турабыз. Райборбордон 120-140 километр алыс турган айылдар бар. Ошолорго маалымат жетпейт, ага биз чаңкайбыз. Ошондуктан Коалициянын мүчөлөрү өз потенциалыбызды пайдаланып, Коалициянын миссиясын ишке ашырууда өз салымыбызды кошобуз», деп билдирди.

Жыйында Коалициянын мамлекетте мыйзамдуулукту калыптандырууга көргөн аракеттери расмий бийлик тарабынан тескери бааланганы да белгиленди. Талас областынын Кара-Буура районунан келген Райымкул Сатыбалдиевдин ою боюнча бийлик, бирок, негизги максатты түшүнүүгө аргасыз болду. «Жогорку бийлик азыр бизге көңүл буруп калды. А буга чейин, 1999-2000-жылкы шайлоолордо бизди таптакыр оппозиция катары көрбөдүбү. Биз болсо мыйзам сакталсын, мыйзам чегинде болсун деп аракет кылдык. Бирок, биз тууралуу башкача пикир жаралды. Азыр биздин ортобузда мамиле оңолуп баратат, мындан ары да оңолушуна ишенем», деди ал. Ушундан улам делегаттар мындан ары жергиликтүү эл арасында билимди жогорулатуу иштерин күчөтүп, Коалициянын жергиликтүү мүчөлөрүн депутаттыкка көрсөтүүгө аракет кылууга мезгил жетти деп сунушташты. Анын себеби тууралуу Баткен областынан келген делегат Айкынов Хаит «себеби депутаттын мүмкүнчүлүгү азыркы бейөкмөт уюмунун өкүлүнө караганда кенен, аудиториясы чоң. Бийлик менен мыйзамдуу түрдө, мыйзамдуу укуктарын пайдаланып иштөөгө, максатына жетүүгө шарты болот», деп билдирди.

Ал эми Коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов уюмдун мындан ары жүргүзө турган иш багыттары туурасында «биз баягыдай эле Коалициянын көз карандысыз, конструктивдүү, бейтараптык позициясы менен демократия жана жарандык коом үчүн күрөшүүгө даярбыз. Биз негизинен айылдарда, шаарларда демократия боюнча активисттерди өзүбүзгө тартып, мүчө кылып, аларга адабияттарды берип, тренингдерди жүргүзүп, «Демократ» деген гезит аркылуу укуктук маалымат жеткирип, жаңы мыйзамдарды берип, өзүбүздүн регионалдык кеңселер аркылуу колдоо көрсөтүп, ошолорго тирек болуп берип, ар бир айылда активисттердин бирикмеси болушуна аракеттенебиз» деп келечек планын бөлүштү. Ошондой эле Эдил Байсалов уюм эми айыл өкмөттөрүно чейин баштапкы уюмдарын түзөөрүн билдирди. Жыйында Коалициянын 15 адамдан турган республикалык Директорлор Кеңеши шайланды жана алар уюмдун Президенттигине эки жылдык мөөнөт менен Эдил Байсаловду шайлашты.

XS
SM
MD
LG