ОШ. Борбор Шайлоо Комиссиясы (БШК) Оштогу № 35 «Ош-3000» округдук шайлоо комиссиясынын төрагалыгына Ош шаардык стамотологиялык поликлиниканын башкы дарыгери Нусупбеков Төлөгөндү бекитти. Ал буга чейин да округдук шайлоо комиссияларды жетектеп иштеп келген. «Ош-3000» округдук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Жаңыбай Алдашевге Ош шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, ошого байланыштуу ал ээлеген кызматынан четтетилген. Ош шаардык кеңеши «Ош-3000» шайлоо округу боюнча шайлоонун экинчи айлампасынын тезирээк өткөрүү туралуу БШК га кат жолдогон эле. 16-декабрда алынган маалыматка караганда БШКдан ага жооп келе элек. Демек, шайлоонун экинчи айлампасынын качан өтөөрү дале белгисиз.
Кожогелди Кулуев