Бириккен Улуттар Уюмунун курал-жарактар боюнча башкы инспектору Ханс Бликс Ирак өкмөтүнө кат менен кайрылып, өлкөнүн химиялык, биологиялык куралдар программаларына, ошондой эле баллистикалык ракеталарды даярдоого катышы бар окумуштуулардын жана башка адистердин тизмесин берүүнү өтүндү. Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Ирак боюнча соңку резолюциясы боюнча, эл аралык инспекторлорго Ирактын аскерий арсеналына тиешеси бар илимпоз-адистер менен жекече маектешип, керектүү маалымат топтоо укуктары ыйгарылган. Ишембиде Пентагондун өкүлдөрү АКШлык аскерий учактар Багдаддын түштүк-чыгыш тарабындагы абадан коргонуу системаларына сокку урганын маалымдашты. Перс булуңундагы согуштан бери Ирактын түндүк жана түштүк аймактарындагы аба мейкиндигин АКШ менен Британиянын аскерий учактары көзөмөлдөшөт.
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы инспектору Ирактагы курал-жарак даярдоого катышы бар окумуштуулардын тизмесин сурады.