Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Аксы райондук администрациясы Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү минтингин өткөрүүгө уруксат берген жок.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. Аксы райондук администрациясы «Аксы окуясында жабырлангандарды коргоо комитетинин» үстүбүздөгү жылдын 17-мартында милиция кызматкерлеринин огунан каза болгондорду эскерүү минтингин, 19-декабрда Кара-Жыгач айлында өткөрүү демилгесине уруксат бербей койду. Бул тууралуу шейшемби күнү аталган комитеттен кабарлашты. Ал эми Аксы районунун акими Абдымалик Эгембердиевдин маалымдоосуна караганда, райондук бийлик Аксы окуясында жабырлангандардын эскерүү митингин 19-декабрда эмес, башка күнү өткөрүүнү сунушташты. Анткени 19-декабрда Кара-Жыгач айлында чоң мал база болот. «Митингди өткөрүү базарга келген карапайым элдердин соодалашуусуна тоскоолдук кылат. Ошондуктан биз митингди өткөрүүгө уруксат берей койдук» деп кошумчалады Аксы районун акими Эгембердиев Абдымалик «Азаттык» радиосунун кабарчысына.

XS
SM
MD
LG