Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Кыргызстанда ЕККУнун Академиясы ачылды.


БИШКЕК. 17-декабрда Кыргызстанда Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Академиясы ачылды. Ага Кыргызстандын президент Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөрү жана ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун директорунун милдетин аткаруучу Стивен Вагенсел, ушул бюронун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Херберт Зальбер жана башкалар катышты. ЕККУнун академиясын ачууга Кыргызстан демилгечи болуп, аны ачуу тууралуу меморандумга 1-ноябрда Бишкекте кол коюлган. Академия коммерциялык эмес регионалдык окуу жай болуп, илим-изилдөө иштерин жүргүзүп, ЕККУнун багыттарына ылайык адистерди даярдап, алардын квалификациясын жогорулатат жана андан Борбордук Азия мамлекеттеринин гана эмес, ЕККУнун багытын жактаган бардык мамлекеттердин жарандары билим ала алышат.

XS
SM
MD
LG