БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынын депутаттары жаңы саясий кыймыл түзүүгө киришүүдө. Бул тууралуу шейшемби күнү Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рустенбеков билдирди. Анын айтымында, жаңы кыймыл Кыргызстандын биримдигин көздөйт жана ушул жыл ичинде анын уюштуруу жыйыны өткөрүлөт. «Кыймылдын аты уюштуруу жыйынында так аныкталат» деген Ж. Рустенбеков, азырынча жаңы кыймылга «Кыргызстан биримдиги үчүн» деген ат ыйгарылып жаткандыгын белгиледи. Маалыматка караганда кыймылды уюштурууга Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары Валерий Диль, Болот Шерниязов жана Тойгонбай Калматовдор катышууда.