Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Президент Аскар Акаев Нарын областында иш сапары менен болду.


Дамир Калыков

НАРЫН. Облустун активи менен болгон жолугушуусунда Аскар Акаев Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» эпосу жөнүндөгү китебинин бет ачаарын жасап, мамлекеттүүлүктүн чыңдалышына Манас калтырган осуяттар эң маанилүү роль ойноорун баса белгиледи. Президент ошондой эле оппозициянын жана бийликтин ортосундагы мамилелерге токтолуп, өз ара ынтымакка умтулуу мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүн айтты. Президенттин айрым пикирлери боюнча оппозиция тараптан көп кемчиликтер кетирилип, анын кесепетинен бейстабилдүүлүк орун алууда. Президенттин иш-сапары ушул эле күнү аяктап, ал коңшу Ысык-Көл облусуна жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG