Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттери Астанада жолугушат.


БИШКЕК. 27-декабрда Казакстандын борбору Астана шаарында Борбордук Азия Кызматташуу Уюмуна кирген мамлекеттердин президенттеринин жолугушуусу болот. Саммитке кыргыз президенти Аскар Акаев катышат. Астана жыйынында 5-октябрда Дүйшөмбү шаарында өткөн саммитте кабыл алынган кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, коопсуздук жана экономикалык багытында кызматташуу маселеси талкууланат. Президенттер ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташуу жана эл аралык проблемалар боюнча да пикир алышат. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү тышкы иштер министрлигинин КМШ бөлүмүнөн кабарлашты. Борбордук Азия Кызматташуу Уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG