Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Босниялык мусулмандар 95-жылдагы кыргын үчүн компенсация талап кылууда.


Босниялык мусулмандар Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылып, 1995-жылы өлкөдө орун алган кыргын үчүн компенсация төлөп берүүнү талап кылууда. Алардын адвокаттары алты миң 500 адамдын арыздарын топтоп, иретке келтирген. Ич-ара согуш учурунда өлкөдөгү бир нече аймак "Бириккен Улуттардын бейпилдик зоналары" деп жарыяланган жана аларды эл аралык аскерлер кайтарган. Анткен менен, ошондой "бейпилдик зона" болгон Сребреница шаарын Бириккен Улуттар Уюмунун күчтөрүнө кирген голландиялык аскерлер 1995-жылы коргобой койгон жана серб аскерлери шаардын сегиз миңдей эркек адамын чогултуп, кырып салган.

XS
SM
MD
LG