Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

“Ирак эли жихадка даяр”, деп эскертти президент Саддам Хуссейн.


Бириккен Улуттар Уюмунун каруу жарак инспекторлору Ирактын массалык кыргын салчу куралдарын издөөнү улантууда.
“Франс пресс” агенттигинин кабарлашынча, инспекторлор эртелеп үч топко бөлүнүп, Багдаддан түрдүү багытка жөнөп кетишкен.
Президент Саддам Хуссейн кечээ күнү Иса пайгамбардын туулган күнү-Христмас майрамына байланыштуу жасаган кайрылуусунда Ирак эли жихадка даяр экенин Америка Кошмо Штаттарына эскертти жана Вашингтонду согуш отун тутандырмак болууда деп күнөөлөдү.
Саддам, ошондой эле, БУУнун аскерий миссиясынын текшерүүсү туура жүргүзүлсө, америкалыктардын калпы ашкере болот деди.

XS
SM
MD
LG