Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

«Трибуна» газетасына он миң сом айып салынды.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. 26-декабрь күнү кечинде Бишкектеги Свердлов райондук соту айына эки жолу басмадан чыгуучу «Трибуна» газетасына 10 миң сом, газетанын башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковго 500 сом айып пул салды. Ырысбек Өмүрзаковдун «Азаттык» радисунун кабарчысына берген маалыматына карганда, аталган газетанын үстүбүздөгү жылдын 26-апрелиндеги санында анын «Слесарь-гинеколог» аттуу макаласы басылган. Макалада кесиби слесарь, Бишкек шаарынын Александр Емляшин аттуу тургуну төрт жасалма диплом сатып алып, медицина тармагында иш жүргүзүп, карапайым адамдарды алдап эки жолу түрмөгө отургандыгы тууралуу жазылган. Мындай макалага нааразы болгон Александр Емляшин сотко арыз менен кайрылган. Ал эми Свердлов райондук сотунун жогорудагыдай чечимине нааразы болгон Ырысбек Өмүрзаков жогорку сот инстанцияларына арыз жолдоорун маалымдады.

XS
SM
MD
LG