Казакстандын борбору Астанада бүгүн Борбор Азия Кызматташтык Уюмунун саммити өтүп жатат. Ага казак президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын президенти Аскар Акаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонов жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов катышууда. Жыйында региондогу коопсуздук жана маң заттарынын аткезчилигине каршы күрөшүү проблемалары талкууланууда. Президенттер ошондой эле өз ара сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.