Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:46

МАЙЛЫ-СУУ ЭЛЕКТР-ЛАМПА ЗАВОДУНУН ТЕГЕРЕГИНДЕГИ ЧАТАК КӨПКӨ УЛАНЧЫДАЙ.


Санарбек Карымшаков, Бишкек Орусиянын “Аврора лайтинг” компаниясы жана курамына "Темирбанк” кирген казакстандык консорциум Майлы-Суу электр-лампа заводунун мамлекетке тиешелүү акция пакетин сатуу боюнча түзүлгөн тендердик комиссиянын чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкек шаардык арбитраждык сотуна кайрылды. Ал эми өкмөт жана тендердик комиссия болсо “комиссиянын чечими - мыйзамдуу чечим” деп, ал өзгөрүлбөй тургандыгын билдиришүүдө.

“Аврора лайтинг” компаниясы жана курамына "Темирбанк” кирген казакстандык консорциум Майлы-Суу электр-лампа заводунун мамлекетке тиешелүү акцияларынын конролдук пакетин сатуу боюнча түзүлгөн тендердик комиссияны Бишкектин арбитраждык сотуна берди. Алар “тендердик комиссия тендер жарыялаганда, “ким көп акча берсе жана ким заводго көп инвестиция салса, акциялардын пакети ошого сатылат” деп, бирок иш жүзүндө аны тендердин 3 шарты боюнча баардыгынан төмөн сунуш киргизген “В.А.В.С.” компаниясына берип, мыйзам бузууга барды” деп эсептешет жана ал чечимди жокко чыгарууну өтүнүшөт. Алардын билдирүүсү боюнча, тендердик комиссия бизнес-долбоордун жасалышы боюнча алдын-ала эч кандай талап койгон эмес.

Ал эми өкмөт жана тендердик комиссия болсо, “комиссия чыгарган чечим - акыркы чечим” деп, аны өзгөртпөй тургандыгын билдиришүүдө. Алар өз чечимин көбүнесе экономикалык зарылчылык менен түшүндүрүшөт. Премьер-министр Николай Танаев Мыйзам чыгаруу жыйынына отчет берип жатып, бул тууралуу депутат Ишенбай Кадырбековдун берген суроосуна:
“Чечимди комиссия чыгарган. Мен бир эле нерсени айта алам. Заводдун акцияларын сатып алам дегендердин ичинде аны сатып алып, жаап салчулар да бар болчу. Тендерди утуп алган фирма болсо, рынокко чыгыш үчүн холдинг түзгөнү жатат”, - деди.

“В.А.В.С.” компаниясыныен жетекчилери Кыргызстандын “Электротехник”, “Майлы-Суу электр-лампа” заводдорун Орусиянын жана КМШнын башка өлкөлөрүнүн ишканалары менен бириктирип, жарык берүүчү техника өндүрүшү боюнча холдинг түзүүнү көздөөрүн айтып жатышат. Алардын айтымында, компания Москванын жанында жаңы электр-лампа заводун куруп жатыптыр, анын ээлери Томскидеги электр-лампа заводунун акцияларын сатып алышкан. Эми алар Саранск, Брест, Уфа шаарларындагы жана Калашников кыштагындагы заводдорду сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Бирок кийинкилер буга көнбөй жатат деген маалымат бар.

“В. А. В. С.” да, “Аврора лайтинг” да кыргыз бийлигине жакшы тааныш фирмалар болуп чыкты. Алардын өз ара мамилелери бар экен. Маалыматтарга караганда, “ Аврора лайтинг” мындан 2-3 жыл мурда Кыргызстандын “Электротехник” заводунун акцияларынын контролдук пакетин сатып алат. Белгилүү ишкер, “Форум” компаниясынын жетекчиси Алмаз Атамбаев, бийлик “Электротехникти” Орусиянын бир фирмасына тартып берип койду деп жүрчү. Көрсө ал ушул эле “Аврора лайтинг” экен. “В. А. В. С.” компаниясынын жетекчилеринин айтымында, “Аврора лайтинг” аны 1 жыл мурда “В.А.В.С.” га саткан. Кийинки 1 жылга чейин заводду “Аврора лайтингдин” президенти Михаил Александров жана Владимир Тимофеев башкарып кала берген. “В. А. В. С.” тын президенти Столповских алардын ордуна Ковтунду директор кылып дайындайт. Ал азыр бир эле мезгилде “В. А. В. С.” компаниясынын вице-президенти. 27–декабрда Ковтун журналисттер үчүн дагы бир пресс-конференция берип, “өткөн жылдын декабрь айында заводдун документтери жоголгону белгилүү болду. Кымбат баалуу жабдыктарын ташып кетүү аракети болду. Азыр кылмыш иши козголуп, Улуттук Коопсуздук Кызматы териштирип жатат”, - деди.

Муну билип туруп, эмне үчүн тендердик комиссия “Аврора лайтингди” катыштырбай койгон жок деген суроого комиссиянын мүчөлөрү да, анын жактоочулары да ачык жооп бере алган жок. Адистердин айтымында, андай кылууга комиссиянын толук укугу бар болчу. Комиссия, мисалы ошол эле тендерде Кипрдеги оффшордук зонада каттоодон өткөн бир фирманы тендерге катыштырбай койгон. Анын үстүнө тендердик комиссиянын курамында Улуттук Коопсуздук Кызматынын төрагасынын орун басары Борис Полуэктов да бар экен. Борис Полуэктов болсо түштөн кийин “Аврора лайтингди” күнөөлөп жүрөт.

XS
SM
MD
LG