Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Майлуу-Суу электр-лампа заводунун акциясын сатуу чатагын Бишкек арбитраждык соту карайт.


БИШКЕК. Бишкек шаардык арбитраждык соту 4-январда Майлуу-Суу электр-лампа заводунун акциясын сатуу тендеринде жеңилип калган казакстандык концорциумдун жана орусиялык фирманын биргелешип берген доо арызын карайт. Мындай маалымат 31-декабрда тышкы соода жана өнөр жай министрлигинен алынды. Орусиянын «Аврора лайтинг» фирмасы жана тутумуна Казакстандын «Темирбанкы» кирген концорциум, «Кыргызстандын тышкы соода жана өнөр жай министрлиги түзгөн тендердик комиссия Майлуу-Суу электролампа заводунун акциясын сатуу тендерин адилетсиз өткөргөндүктөн, заводго аз акча сала турган орусиялык «В.А.С.В.» компаниясы жеңишке жетишти» деп, тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу арыз берген. Ошондуктан, Бишкек арбитраждык сотунда тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков башында турган тендердик комиссия жооп берет.

XS
SM
MD
LG