Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Югославиянын мурдагы президенти С. Милошевичтин соту уланууда

Бүгүн Гаагадагы трибуналда мындан үч апта мурун токтогон сот жараяны улантылды. Югославиянын мурдагы президенти 1990-жылдары Балкан чөлкөмүндө орун алган согуштардын убагында жүргүзүлгөн ири этникалык тазалоолор үчүн айыпталып жатат. Соттун былтыр сентябрь айында аяктаган биринчи этабында 1999-жылы Косоводо болгон кандуу окуялар каралган. Ал эми азыр сотто Хорватия менен Босниядагы, 91-95-жылдардагы согушка байланышкан эпизоддор угулууда.
XS
SM
MD
LG