Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:51

«Моя столица» газетасы дагы бир сот ишин уттурду


Ысыккөл райондук администрациясынын жана Семенов айыл өкмөтүнүн «Моя столица» газетасына каршы берген доо арызын карап, Бишкектеги Ленин райондук соту жума күнү ишти добогерлердин пайдасына чечти. Гезит редакциясына 75 миң сом, доо арызга себеп болгон макаланын авторуна 4 миң сом айып пул салынды. Мындан сырткары сот газетаны добогерлерден расмий түрдө кечирим суроого милдеттендирди.Гезиттин кабарчысы Геннадий Кузьмин «Үй бүлө тоого барды, үй- бүлө акча тапты» деп аталган макаласында Ысыккөл областындагы Семенов капчыгайындагы лыжа базасын президент Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрү менчиктеп алган деп жазган эле.

XS
SM
MD
LG