Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

Ирактагы инспекциянын жүрүшү Вашингтондо талкууланат


Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика агенттигинин жетекчиси Мохамед аль-Барадей бүгүн Вашингтондо АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэлл жана президенттин жардамчысы Кондализа Райс менен жолугушуп, инспекторлордун Ирактагы текшерүү ишинин жүрүшү жөнүндө маалымат берет. Кечээ Барадей менен инспекторлор тобунун жетекчиси Ханс Бликс Иракта "ок жыттанган милтелүү мылтык" табылган жок деп айтышкан. Тактап айтканда, алар массалык кыргын салуучу куралдар табылбаганын билдиришкен. Бирок Ак Үйдүн өкүлү Ари Флейшер: " Иракта андай куралдар бар экендигин бышыктаган фактылар АКШга маалым",- деп билдирген. Аль-Барадей Ирактагы текшерүү иштерин улантуу үчүн инспекторлорго көбүрөөк убакыт керек экенин билдирмекчи. Өткөн эки айдын ичинде инспекторлор Ирактын 300 дөн ашык обьектисин текшерип чыгышты.

XS
SM
MD
LG