Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Иракта эл аралык инспекция ишин улантууда


Бириккен Улуттар Уюмунун курал-жаракты көзөмөлдөөчү адистери бүгүн Иракта кеминде алты жерде иш жүргүзүп жатышат. Бүгүн Ирактын массалык кыргын салуучу куралын издеген топтун иштей баштаганына 44 күн болду.
Куралсыздандыруу ишин жетектеген Ханс Бликс өткөн аптада бир жарым ай ичинде Иракта шектүү эч нерсе табылбаганын моюнга алды.
Ал арада Батыш өлкөлөрү Перс булуңунда куралдуу күчтөрүн бекемдөөнү улантты. Британия Перс булуңунда 20 жылдан берки эң ири деңиз күчтөрүн топтоп жатат. Ал эми Америка Кошмо Штаттары ири сандагы аскер тобун аймакка жөнөтүүгө 24 сааттын ичинде экинчи жолу буйрук берди.

XS
SM
MD
LG