Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

2-февралда өтчү референдумга эки маселе коюлууда


БИШКЕК. Кыргызстандын Конституциясына алымча-кошумчаларды киргизүү боюнча жалпы элдик референдумду 2-февралда өткөрүү тууралуу жардыкка президент Аскар Акаев 13-январда кол койду. Бул тууралуу ушул эле күнү президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жардыкка ылайык 2-февралда өткөрүлө турган референдумга эки маселе коюлат. Анын биринчиси «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндөгү мыйзамга макулсузбу же жокпу?» деген суроо, экинчиси - «Президент Аскар Акаевдин 2005-жылга чейин президенттик ыйгарым укуктарынын сакталышына макулсузбу, же жокпу?» деген суроо менен байланыштуу.
Конституциялык Кеңешменин 13-январдагы жыйынында анын көпчүлүк мүчөлөрү Эксперттик топ иштеп чыккан Конституциянын жаңы редакциясын кескин сынга алышып, аны мындай калыпта референдумга алып чыгуу мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келишти. Конституциялык Кеңештин мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Эдил Байсалов Башмыйзамдын жаңы редакциясында президентке өзгөчө чоң бийлик берилип, ал эми парламенттин укугу болуп көрбөгөндөй чектелгенин белгилешти. Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова жаңы редакцияда Конституциялык Соттун укуктарынын чектелгенин, ага катардагы жарандардын кайрылуу укугу берилбегинин сынга алды. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы да Конституциянын жаңы долбоорун кескин сынга алып, аны түзгөн өкмөт кызматтан кетүүгө тийиш деген билдирүү менен чыкты. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Өмүрбек Текебаев жана Ишенбай Кадырбеков референдумга президенттин ыйгарымына байланыштуу маселе коюлуп, бирок парламенттин ыйгарым укуктары боюнча маселенин коюлбай калышы - бул парламентти таратууга багыт алуу менен барабар деп билдиришти.
Президент Аскар Акаевдин оюнча, Конституциянын жаңы редакциясы Кыргызстандын өткөөл доордон кийинки таламдарына төп келет жана аны кабыл алуу менен өлкөнүн Борбор Азия аймагындагы демократиялык жараянда алдыңкы оруну камсыз кылынат.
Кыргызстандын постсоветтик туңгуч Башмыйзамы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган жана андан бери ага референдумдар аркылуу бир нече ирет өзгөртүүлөр киргизилген.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Айданбек Акмат уулу жана Бүбүкан Досалиева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG