Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк куралдар программасын токтотууга байланышкан эл аралык аракеттерди четке кагууда.


Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттарынын жергиликтүү расмий өкүлдөргө шилтеме берип билдиргенине караганда, Пхеньяндын өзөктүк куралдар программасынын айланасындагы кризис Улуттар Уюму аркылуу чечилбейт.Бул үчүн АКШ менен Түндүк Кореянын тикелей сүйлөшүүсү зарыл. АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жеймс Келли Түндүк Корея кризисин жөндөө максатында , Азия өлкөлөрү боюнча жасаган иш сапарын аяктады. Бирок, кандайдыр бир жаңы демилгелер болгону кабарланган жок. АКШлык жогорку даражалуу дипломат Түштүк Корея менен Кытайдан кийин жекшемби күнү, Токиодо Түндүк Корея кризисин Жапониянын тышкы иштер министри Йорико Кавагучи менен талкуулады. Ал эми бүгүн АКШнын Түштүк Кореядагы элчиси Томас Хаббард " Пхеньян өзөктүк куралдар программасынан баш тартса- Вашингтон аны менен кеңири экономикалык кызматташтык маселесин карап көрүүгө даяр ",-деп билдирди.Ишемби жана жекшемби күндөрү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков Түндүк Корея бийликтери менен сүйлөшүү өткөрүп, Пхеньянга Москванын сунуштарын берди.

XS
SM
MD
LG