Негизги мыйзамдын долбоорун Сербиянын парламенти жактырган эле. Эң соңунда аны федералдык парламент кабыл алууга тийиш, ошондон соң ал күчүнө кирмекчи. Жаңы конституция боюнча, Югославия Сербия менен Черногориянын союзу деп аталмакчы. Югослав федерациясын реформалоо боюнча былтыр мартта ушундай чечим кабыл алынган. Конституциянын долбоорунда реформаланган союздун борбордук бийлигине тышкы саясат менен коргоо иштерин жүргүзүү укугу гана берилет, калган бардык маселелерде эки республика өз алдынча саясат жүргүзүшмөкчү.