Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:27

Эл аралык коомчулук Вашингтондун чалгындоо маалыматтарын жарыя кылганы жаткандыгын кызуу кубаттады


Россия коопсуздук кеңешинде Вашингтондун Багдадга каршы келтире турган таныктарына кунтун берип, кулак төшөй тургандыгын ырастады. Евросоюздун өкүлдөрү Ирак проблемасынын чордону коопсуздук кеңешине которулганы өтө туура иш болот деп эсептешет. Азиялык бир катар өлкөлөр да Вашингтондун демилгесине кызуу колдоо билдиришти. Ирак бийликтери президент Буштун сөздөрүнө ырасмий мамилесин билдире элек, бирок айрым ирак депутаттары америкалык президентти дале “эски калпын айта” баштады деп айыпташты. Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Камал Харази Тегеран бийликтерин терроризмди колдоп, массалык кыргын салчу куралдарын түзүп жатканы үчүн айыптаган Буштун сөздөрүн кескин четке какты.

XS
SM
MD
LG