Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Кыргызстандагы Эл аралык басма үйү быйыл иштей баштайт


БИШКЕК. Кыргызстанда курулуп жаткан Эл аралык басма үйү үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында ишке киргизилет. Бул тууралуу шаршемби күнү «Азаттыктын» кабарчысына аталган ишкананын курулушун каржылаган Америкалык «Freedom Hous» фондунун адам укуктары боюнча долбоорунун жетекчиси Жеймс Стоун кабарлады. Анын айтымына караганда, аталган басмаканадан жергиликтүү жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча ар кандай өлчөмдөгү, түстүү гезит-журналдар чыгарылат. Азырынча аталган ишкананы башкаруу боюнча курамы он беш адамдан турган директорлор кеңеши түзүлдү. Ага президенттик администрациянын коопсуздук жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, «Дело №» газетасынын башкы редактору Виктор Запольский жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киришти. Виктор Запольскийдин айтымында, аталган басмакананы ишке киргизиш үчүн 800 миң долллар каражат бөлүндү.

XS
SM
MD
LG