Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

Президент А. Акаев Нарында областтын активи менен жолугушуу өткөрдү


НАРЫН. 29-январда президент Аскар Акаев Нарын областынын Кочкор айылында областтын активи менен жолугушуу өткөрдү. Адегенде президент райондун борборундагы «Соңкөл» маданият сарайында ишкерлер тарабынан уюштурулган көргөзмө менен таанышты. Активде чыгып сүйлөгөн президент А. Акаев конституциялык реформа жана алдыдагы референдум учурдун эң маанилүү маселеси экендигин белгилеп, эгер коомчулук колдосо, мындан ары да бардык аракетин жасап, иштеп берээрин билдирди. Жыйында атайын тизме менен чыгып сүйлөгөндөр Акаевдин иш-аракеттерин бир добуштан колдой тургандыктарын белгилеп жатышты. Жыйын соңунда Акаевдин «Ойдон кеткис 10 жыл» аттуу китеби бекер таратылып берилди.

XS
SM
MD
LG