Бул тууралуу 3-февралда тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева билдирди. Анын маалыматына караганда, 2-февралдагы референдумга КМШдагы тогуз мамлекет - Россия, Казакстан, Грузия, Украина, Азербайжан, Өзбекстан, Украина, Молдова жана Беларусиянын байкоочулары катышып, добуш берүү учурунда мыйзам бузууларды байкашкан эмес. 7 шайлоо участкасында болгон Грузиянын байкоочулары добуш берүүгө шайлоочулардын аз келип жатышкандыгын белгилеген.