8-февралда ички иштер министрлигинин өткөн жылдын жыйынтыгын талкуулаган коллегиясы өттү. Өлкөдө жалпы кылмыштуулук мурдагы жылга салыштырмалуу 6, 9 пайызга азайган. Ошондой болсо да, ар бир жасалган 10-кылмыш наркобизнеске байланыштуу болууда жана анын деңгээли төмөндөй элек, деп маалымдалды министрлик коллегиясында. 2002-жылы чет өлкөлүк жарандарга байланышкан кылмыштардын саны 141 жеткен. 56 кылмыш чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалган. 1306 чет өлкөлүк жаран жана андай укугу жок адамдар визалык-паспорттук тартип бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышкан. Милиция кызматкерлеринин ичинен өткөн жылы ар кандай кылмыштарга катыштыгы бар 100 адам жоопко тартылган. 392 милиция кызматкери кызматтарынан четтетилишкен.