Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга техникалык жардам көрсөттү


БИШКЕК. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БСУ) 15-февралда Чукул кырдаалдар боюнча улуттук медицина кызматына техникалык жарак-жабдыктарды тапшырды. Бул жардам БСУ менен Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда 2002-жылдын декабрында кол коюлган макулдашуунун алкагында берилүүдө. Макулдашууга ылайык Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга 2003-жылы 18 миң доллар өлчөмүндө ар кандай жардам берүүнү убада кылган. Мындай жардамдын көрсөтүлүшүнө Кыргызстанда тынымсыз кырсык болуп турганы себеп болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин жума күнү тараткан маалыматына караганда, 1990-жылдан бери эле болгон ар кандай чоң кырсыктардан Кыргызстанда 285 адам набыт болуп, миңдеген адамдар жабыр тартышкан. Соңку 30 жылда ар кандай жоготууларды алып келген 17 жер титирөө болгон. Өлкө аймагындагы 2 миңден ашык көлдүн 200үндө ташып кетүү коркунучу бар. Чукул кырдаалдарга кызмат кылуучу улуттук медицина кызматынын тутумунда азыр республика боюнча 150 адис иш алып барат.

XS
SM
MD
LG