БИШКЕК. 19-20-февралда Москва шаарында Евразия экономикалык кызматташтык уюмунун өкмөт башчылары катышкан экономикалык форум өткөрүлөт. Жыйында уюмга кирген өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун жолдору талкууланат. Кыргызстандан бул форумга вице-премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев баштаган делегация катышат. Ошондой эле өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, 28-февралда Москвада Евразия экономикалык кызматташтык уюмунун Мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы отуруму өтөт. Ага Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев баштаган делегация катышат.