Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:43

Ажыга барган кыргызстандык жарандардын төртөө каза болду


БИШКЕК. Кыргызстандан Сауд Арабиянын Меке шаарына ажылыкка барган жарандардын төртөө каза болду. Мындай маалымат 18-февралда Тышкы иштер министрлигинен алынды. Ал маалыматка караганда, каза болгон жарандардын бирөө аял. Ал 3-февралда Мекеден 40 чакырым алыс турган Медина шаарында болгон автокырсыктан каза тапкан. Калган үч жаран ар башка күнү ар кандай жагдайларда каза болушкан. Тышкы иштер министрлиги мындай маалыматты Орусия Федерациясынын Бириккен Араб Эмираттарынын Жидда шаарындагы консулдугунан жана Кыргызстандын Башкы консулдугунан алган. Ал эми 6-февралда муфтий Муратаалы ажы Жуманов «Азаттык» радиосуна «автокырсыктан кыргызстандык эч бир жаран жабыркаган жана каза болгон жок» деп билдирген эле.

XS
SM
MD
LG