Орусия былтыр чет мамлекеттерге бардыгы 4 млрд 800 млн долларлык курал-жарак саткан жана быйыл да ушундай эле көлөмдөгү аскердик экспортту пландаштырууда. Бул тууралуу Орусиянын Аскерий жана технологиялык кызматташтык комитетинин башчысы Михаил Дмитриев билдирди. Дмитриевдин айтымында, чет мамлекеттер айрыкча Орусиялык "Миг" тибиндеги учактарды жана Туладагы аскерий машинелер куруу заводунун товарларын көп сатып алышат.