БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы «Кыргызстандын региондору» жана «Оң ордо» депутаттык топтору биригип, ал «Оң ордо - Кыргызстандын региондору» деп аталды. Бул тууралуу топтун мүчөлөрү 19-февралда өткөн маалымат жыйынында кабарлашты. Топтун теңтөрагаларынын бири Курманбек Бакиевдин айтымында, мындай чечим Конституциянын жаңы редакциясындагы депутаттык фракциялар жана топтор тууралуу жобого ылайык кабыл алынды. Бириккен топко борборчул маанайдагы 11 депутат кирди. Депутат Ишенбай Молдоташев бул депутаттык топтун жетекчилиги башка фракция, топтордон айырмаланып жыл сайын алмашып тураарын, башка иштерге алагды болбой, мыйзам чыгаруу ишмердиги менен алектенээрин билдирди.