Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Бир катар дыйкан чарбалары кошумча нарк салыгына каршы чыгууда


БИШКЕК. 20-февралда Чүй өрөөнүндөгү бир катар ири дыйкан чарбаларынын жетекчилери айыл чарба азыктарын сатууга киргизилген кошумча нарк салыгына каршы билдирүү менен экинчи ирет чыгышты. Ага Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган «Салык мыйзамына кошумчалар жана толуктоолор жөнүндөгү» мыйзам негиз болду. Бул мыйзамга ири өлчөмдө пайда тапкан дыйкан чарбаларын кошумча нарк салыгын төлөөгө милдеттендирген жобо киргизилген. Чүй облустук кеңешинин депутаты, «Рассвет» чарбасынын бухгалтери Татьяна Кирееванын айтымында, бул жобо ири чарбалардын майдаланышына жана жардыланышына алып келет.
Өткөн аптанын этегинде ири дыйкан чарба башчыларынын дагы бир тобу ушундай эле маанидеги билдирүү тараткан эле. Бирок 19-февралда өткөргөн маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Марат Исмалов бул мыйзам бюджетке кыйла киреше алып келээрин айтып, дыйкан чарбаларынын мындай кабатырлануусу жөнсүз деп баалаган.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG