Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:18

Курал-жарак инспекторлору Ирактын ракета жасоочу заводдорунда болушту


Бириккен Улуттардын курал-жаракты көзөмөлдөөчү адистери бүгүн барган эки ишканада "ас-Самуд-2" ракетасы өндүрүлөт. Курал инспекторлорунун башчысы Ханс Бликс: "ас-Самуд-2” ракеталарын жана анын дүрмөттөрүн жок кылуу 1-марттан калбай башталышы керек" - деди. Бликстин ырастоосунда, бул ракеталар БУУ аныктаган 150 чакырымдык чектен алыс учууга жөндөмдүү.
Инспекторлор бүгүн ошондой эле Багдаддан түштүктөгү аскерий инженердик ишканада, электроника изилдөөчү компанияда жана Багдаддагы жыпар жыттуу заттардычыгаруучу ишканада болушту.

XS
SM
MD
LG