Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Кызылжар шаарчасынын тургундары депутаттарга колдоо көрсөтүштү


БИШКЕК. 25-февралда Жалалабад облусунун Ташкөмүр шаарына караштуу Кызылжар шаарчасынын 150дөн ашуун тургуну жыйын өткөрүп, анда Конституциялык Сотто кыргыз-кытай чек ара келишимдеринин каралышы талкууланды. Жыйын катышуучулары Үзөңгүкууштун Кытайга берилбешин жактап жаткан депутаттар Ишенбай Кадырбековго, Исмаил Исаковго жана Азимбек Бекназаровго колдоо көрсөтүшүп, 2 пункттан турган токтом кабыл алышты. Анда чогулгандар Конституциялык Соттун төрайымынан бул маселе боюнча адилет чечим чыгарууну, ал эми бийлик өкүлдөрүнөн сотко катышып жаткан депутаттарга кысым көрсөтүүнү токтотууну, жакында Исмаил Исаковго каршы жасалган ээнбаштыктын бетин ачууну талап кылышкан. Бул тууралуу шейшембиде депутат А. Бекназаровдун жардамчысы Сманжан Бабатаев маалымдады.

XS
SM
MD
LG