Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Түркиянын парламенти өлкөдө америкалык аскерлерди жайгаштыруу маселеси боюнча добуш берүүгө жете элек


Бийликтеги "Адилетүүлүк жана Өнүгүү" партиясынан шайланган депутаттар Иракка каршы пландалып жаткан согушка байланыштуу өлкөдө 62 миң америкалык аскерди жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндөгү түрк өкмөтүнүн өтүнүчүн жабык эшик артында талкуулады. Талкуу эртең да улантылат. Бирок соңку чечимди өлкө парламенти добуш берүү аркылуу кабыл алышы керек. Добуш берүү эртең же апта соңунда болушу мүмкүн. "Адилеттүүлүк жана Өнүгүү" партиясынан шайланган депутаттардын көпчүлүгү Анкара Ирактагы ыктымал согушка катышуусуна каршы. Түрк парламенти маселени кароону өткөн аптада эле баштаган. Бирок жоокерлерди жайгаштыруунун экономикалык, аскерий, саясий өңүттөрү боюнча Анкара менен Вашингтон макулдашууга жетише электигине байланыштуу талкуу токтотулган эле. Түрк тышкы иштер министри Йасар Йакистин айтымында,парламенттеги добуш берүүнүн мөнөтү Вашингтон менен Анкаранын ортосундагы сүйлөшүлөрдүн жыйынтыгына жараша аныкталат. "Анадолу" жаңылыктар агенттигинин билдиргенине караганда, АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл шаршембиде түрк премьери Абдулла Гүл менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө Анкараны тезирээк бир чечимге келүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG