Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар Кыргызстандагы жыйналыш өткөрүү эркиндигин талкуулашты


БИШКЕК. Эл аралык «Freedom Hous» уюму 28-февралда Бишкекте «Кыргызстандагы жыйналыш өткөрүү эркиндиги» аттуу тегерек үстөл талкуусун өткөрдү. Анда Кыргызстандын жаңы Конституциясына байланыштуу адам укугун сактоо эрежелеринин айланасында сөз болду. Талкууга бийлик органдарынын, оппозициянын, эл аралык уюмдардын, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Кыргызстандын Акыйкатчысы катышты. Жыйында Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы мыйзамдарына жана эл аралык нормаларга байланыштуу биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О Киф, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Айдын Идил чыгып сүйлөштү. Талкуу учурунда «Пикеттер, митингдер жана жүрүштөр тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы белгиленди.

XS
SM
MD
LG