Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:35

Орусия Ирак кризисин куралдуу жол менен чечүүгө жол ача турган резолюцияны колдобой турганын айтат


БЭЭЖИН. Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов бүгүн Бээжинде жасаган билдирүүсүндө эл аралык коомчулук Ирак кризисин саясий жол менен чечүүгө тийиш деп билдирди. "Бүгүн бул проблеманы саясий ыкмалар менен чечүүгө толук мүмкүнчүлүгүбүз бар жана аны колдон чыгарбашыбыз керек",- деди Иванов.
Кечээ Орусия менен Кытай Иракта иштеп жаткан курал инспекторлорунун санын көбөйтүүгө чакырышкан. Ошондой эле бүгүн алынган кабарларда Ирак мыкты машыктырылган аскерлердик бөлүктөрүн өлкөнүн ар кайсы жерлерине дислокациялап жаткандыгы маалымдалат.

XS
SM
MD
LG