МОСКВА. Татарстандык аялдар жергиликтүү соттун чечимин карап берүүнү өтүнүп, өлкөнүн Жогорку сотуна кайрылышкан болчу. Мусулман аялдар уюмунун төрайымы Альмир Адиатулина бейтааныш эркектин көзүнчө жоолугу жок жүрүүгө Куран жол койбой турганын айтат. Ал эми Орусиянын мыйзамдары болсо паспорт сүрөттөрүнө жылаң баш түшүүнү талап кылат. Аялдардын өкүлү бул мыйзам иш жүзүндө аялдардын укугун бузуп жатканын белгилейт.
Баян Жумакадыр кызы, Прага
Баян Жумакадыр кызы, Прага